Жоомарт Оторбаев: “Кыргызстан ири гидроэнергетикалык потенциалга ээ”
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 6-июнда Ат-Башы ГЭСинде жана Жогорку Нарын ГЭС каскадында болду. Оторбаев жакында Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо иштери баштала турганын айтты. “Модернизациялоого грант бөлүү маселеси чечилген. Бул иштер бүткөндөн кийин ГЭСтин кубаттуулугу жана эффективдүүлүгү күчөйт”,- дейт өкмөт башчы.
Жогорку Нарын ГЭС каскадына барган премьер: “Кыргызстан ири гидроэнергетикалык потенциалга ээ. Жогорку Нарын ГЭС каскадында курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Объект өз убагында бүтүп ишке берилет деген ишеничтемин”,- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

