super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте бүгүн, 9-июнда коррупцияга каршы күрөшүүдөгү парламентаризмдин орду тууралуу эл аралык конференция болот

 

Бишкекте 9-10-июнь күндөрү “Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду” аттуу эл аралык конференция болот. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияны парламенттеги Эл аралык иштер боюнча комитети жана президенттин аппараты менен Коррупцияга каршы парламентчилердин дүйнөлүк уюму (GOPAC) биргеликте өткөрүшмөкчү.

Максаты – Жогорку Кеңештин депутаттары менен Орусия, Казакстан, Молдова, Грузия, Монголия, Индонезия, Канада, Йемен жана башкалар кирген GOPAC`ка мүчө мамлекеттердин депутаттарынын ортосундагы пикир алмашуу.

Конференцияга президент Алмазбек Атамбаев, төрага Асылбек Жээнбеков, башкы прокурор Аида Салянова, өкмөт мүчөлөрү, GOPAC`ка мүчө мамлекеттердин депутаттары, эл аралык эксперттер катышмакчы.

Кыргызстандын коррупцияга каршы аракеттенүүнүн улуттук системин өркүндөтүү маселелеринде эл аралык коомчулук менен ачык жана конструктивдүү диалогду колдоого өзгөчө маани берерин көңүлгө алуу менен аталган конференция коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында дүйнө өлкөлөрүнүн парламентчилеринин ортосундагы өз ара кызматташуунун башталышы үчүн диалог аянтчасы болот”,- дешет уюштуруучулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: