Жоомарт Оторбаев былтыркы туристтик сезондун жакшы болбой калышына Жети-Өгүздөгү окуя себеп болгонун эске салды
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 7-июнда Ысык-Көл облусунда болуп, быйылкы туристтик сезондун расмий ачылышына катышты. Анда сөз сүйлөгөн өкмөт башчы коомдук-саясий туруктуулук учурда абдан зарыл экенин белгиледи.
“Жети-Өгүздөгү окуялардын айынан былтыркы туристтик сезон жогорку деңгээлге чыга алган жок. Айрым саясатчылардын коомду туруксуздаштыруу аракетине коомчулук жок деп жооп бериши керек. Сөз жолдорду мыйзамсыз тосуу аракеттери, митинг, пикеттер жөнүндө болуп жатат. Өлкөнүн кайсы бир аймагында кырдаалдын туруксуздашы бүтүндөй өлкөнүн туристтик ийгилигине таасир этиши мүмкүн”,- деди Оторбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

