Каныбек Иманалиев: "Кыргызстанда коррупциянын айынан инвесторлордун 70 пайызы кетип жатат"
"Кыргызстанда коррупциянын айынан инвесторлордун 70 пайызы кетип жатат",- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференцияда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.
“Коррупция заманбап гана көйгөй эмес. Илгерки коомдордо да пара алуу болгон. Албетте, бул ар өлкөнүн экономикасына коркунуч келтирет. Кыргызстанда коррупциянын айынан инвесторлордун 70 пайызы өлкөдөн кетип жатат. Бюджеттен бөлүнгөн акчанын 20 пайызы “коррупциялык салык” катары жоголуп кеткенин байкап жатабыз. Ошондуктан республикабызда коррупция менен күрөшүү өтө маанилүү”,- дейт Иманалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

