Жогорку Кеңештин тармактык комитети мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун кароону кийинки аптага жылдырды
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде бүгүн, 9-июнда мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоору каралып, кеңири талкуулоо кийинки аптага жылдырылды. Айта кетсек, аталган мыйзамга жакында президент кол койбой артка кайтарган эле. Жыйында бул маселе боюнча баяндамачы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев экени, бирок ал иш сапарда жүргөнү айтылды. Мындан кийин демилгечи депутаттардын бири Эркингүл Иманкожоева долбоорду кийинки аптада кароону сунуш кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

