super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Кыргызстанда коррупцияны жок кылууга мезгил келди”

 

“Кыргызстанда коррупцияны жок кылууга мезгил келди. Анткени коррупция менен күрөшүүгө саясий эрк жана коомдун колдоосу бар”,- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференцияда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин бийлик коррупция менен күрөшүү боюнча бир топ декларацияларды кабыл алган, бирок эч кандай иштерди жүргүзгөн эмес. 

“Ошентип, өлкөдө коррупция адаттагыдай көрүнүш болуп калган. Ошол учурда коррупциянын күчөп кетишине мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Учурда Кыргызстанда коррупция менен күрөшүп, аны жеңүүгө жакшы учур келди. Мурда парламент президентке баш ийсе, учурда Жогорку Кеңеш көз карандысыз болуп, чечимдери чыгаруучу борбор болуп калды. Эгер учурдан пайдаланып коррупцияны жок кыла албасак, кийин кеч болуп калышы мүмкүн”,- деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: