super.kg logo
  Саясат  

Мавлян Аскарбеков "Тезекпром" акциясын уюштургандарга кылмыш иши ачылганы жатат" деди

 

Бишкекте бүгүн, 9-июнда “Тезекпром” акциясын уюштурган жаш лидерлер Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында убактылуу кармалууда.

Акциянын катышуучуларынын бири Мавлян Аскарбеков “Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин ачууга аракеттенүүдө” деп билдирди SUPER.KG порталына.

Айтымында, акция уюштуруучуларына протокол толтурулду.

Биз азыр милиция бөлүмүндө отурабыз. Акция уюштурганыбызга байланыштуу протокол толтурушту. Эми атайын кылмыш ишин ача турганын айтышууда. Азыр эч кандай жактоочуларыбыз жок”,- деди Аскарбеков.

Айта кетсек, жаш лидерлер тобу бүгүн, 9-июнда Бишкекте аталган акцияны уюштурмак. Бирок аларды милиция өкүлдөрү кармап кетишкен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: