super.kg logo
  Саясат  

“Кыргызстан коррупция менен күрөшүүдө Сингапурдан үлгү алышы керек” дейт депутат Калматов

 

“Дүйнөдө "бизде коррупция жок" деген мамлекет жок. Бирок коррупцияны төмөнкү деңгээлге жеткирген өлкөлөр бар. Биз алардан үлгү алышыбыз керек”,- деп билдирди бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда Жогорку Кеңештин Коррупция менен күрөшүү комитетинин төрагасы Анарбек Калматов.

Анын айтымында, Сингапур, Кытай, Казакстан пара алууну жоюу боюнча ийгиликтүү мамлекеттер болуп саналат. “Маселен, Кытайда коррупция менен күрөшүү 3 принциптен турат: таза борбордук бийлик, жазанын кайтарымсыздыгы жана мамлекеттик ишкерлерди сыйлоо”,- деп мисал келтирди Калматов.

“Коррупция менен чыныгы күрөшүү 2010-жылдан башталды десек туура болот. Пара алууну жоюу үчүн коррупциялык схемаларды таап, аларды жок кылыш керек. Албетте, бул бир күндүк иш эмес. Парламент ушул багытта иштерин улантат”,- деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: