super.kg logo

Ошто 2010-жылдагы Июнь окуясынын 4 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлөт

 

10-июнда 2010-жылдагы Июнь коогалаңынын 4 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, башкармалыктын жетекчилери жана Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары катышат.

Эскерүү иш-чарасы алгач «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде башталат. Мындан тышкары Июнь коогалаңында дайынсыз жоголгондорго арналып курулган мемориалдык тактанын ачылышы болот. Андан сырткары Ош коогалаңында шейит кеткендердин жаркын элесине арналып куран окутулат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: