super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова: "Парламенттин жардамысыз бир да өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жемишин бербейт"

 

Парламенттин көмөгүсүз дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө коррупцияга каршы күрөш өз натыйжасын бербейт. Сөз парламенттин мыйзам чыгаруудагы иши тууралуу гана эмес, депутаттардын шайлоочулар менен тыгыз иш жүргүзүүсү жөнүндө да болуп жатат. Муну башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 9-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференцияда айтты. 

Башкы прокурор 2012-жылы "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынышы өтө маанилүү болгонун белгилеп, 2014-жылдын 6-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан оор кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыштын эскирүү мөөнөтү алынып салынганын эске салды.

Салянова коррупцияга каршы күрөш көйгөйдү чечүүгө комплекстүү аракет жасалганда гана натыйжалуу болорун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: