super.kg logo
  Саясат  

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдары боюнча 3 жылда 630 кылмыш иши козголду

 
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдары боюнча, 3 жыл ичинде 630 кылмыш иши козголду. Маалымат аталган кызматтын башчысы Бөкөнбай Казаковдун бүгүн, 9-июнда "Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду" аттуу эл аралык конференцияда жасаган баяндамасынан алынды.
Маалым болгондой, коррупциялык кылмыштардан улам мамлекетке 2 миллиард 802 миллион 267 миң сом зыян келтирилген. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 992 миллион 950 миң сом чыгымдын орду толтурулган. 630 кылмыш ишинин арасынан 298и 2012-жылы, 261и 2013-жылы, 71и 2014-жылы козголгон.
"Коррупциянын жогорку деңгээли отун-энергетикалык комплексинде, тоо кендерин казып чыгаруу тармагында, Салык жана Бажы кызматтарында, укук коргоо жана соттук түзүмдөрүндө анык болгон",- деп айтылат Казаковдун баяндамасында.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: