super.kg logo
  Саясат  

Милиция “Тезекпром” акциясына чыккан жаш активисттерди бошотту (фоторепортаж)

 
Айбек Бусурманкулов - "Эркин эл" партиясынын лидерлеринин бири.
"БЭК" саясий партиясынын лидери Руслан Бекназаров милиция өкүлдөрү менен жакалаша кетти.
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан акциянын уюштуруучуларына акчалай айып салына турганы айтылды.
Акция башталган учурга чейин 20га жакын милиция кызматкери Ак үй алдында турушкан.
Акциянын айрым уюштуруучулары сыртта турушат.
Соттун чечимин күтүп турушат.
Дайыр Орунбеков журналисттерге маалымат берүүдө.
Акцияга 100гө чукул киши жыйналды.
Активисттер милициянын курчоосунда.
Биринчи Май райондук сотунун алдында.
Шайлообек Атазов - Ош шаардык кеңешинин депутаты.
Шайлообек Атазов менен милиция кызматкери мушташа кете жаздады.
Тезектер Алайдан алынып келинген.
Сонунбек Жунусбаев Оштогу лидерлердин бири.
"Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбековду милиция унаага колун кайрып салып алып кетти.
Бүгүн, 9-июнда Бишкекте “Тезекпром” акциясынын катышуучулары Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында сурак беришти. Учурда алар Биринчи Май райондук сотунун алдында сот чечимин күтүп отурушат. Жаш лидерлердин үстүнөн административдик иш козголуп, айып пул салынары айтылды.

Айта кетсек, жаш лидерлер бүгүн Бишкектеги Ак үйдүн алдында акцияга чыгышкан. Алар Ошто эки айдан бери газ жок болуп жатканына байланыштуу Ак үйдүн алдында уйдун тезегин өрттөшмөкчү болгон. Бирок аларды милиция кармап кеткен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: