super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Кыргызстанда биринчи жолу ири коррупционерлер, министрлер, саясатчылар жоопко тартылышты"

 
"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө айрым бир натыйжаларга жетише алдык",- деп билдирди 9-июнда Бишкекте коррупция темасы боюнча өткөн конференцияда парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков. Айтымында, өлкөдө көмүскө каржы агымдары азайып, өлкө бюджети өсүүдө. Натыйжалуу иш жүргүзгөн коррупцияга каршы орган түзүлгөнү белгиленди. "Кыргызстандын жаңы тарыхында биринчи жолу ири коррупционерлер, министрлер, саясатчылар, судьялар, прокурорлор кылмыш жазасына тартылышты. Кабыл алынып жаткан башкаруу чечимдери коом үчүн ачык-айкын жана жетимдүү боло баштады. Коомчулук, айрыкча, мамлекеттик органдардын башкаруучулары кол жетпес адамдар жоктугун, сөзсүз жазалана турганын түшүндү",- дейт төрага.
Жыйын эртең, 10-июнда уланат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: