Айыл чарба министрлиги Ысык-Көлдө жерди сүрөткө түшүрүүчү учкучу жок учуучу аппараттын бет ачарын өткөрөт
31-июнда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда Мамлекеттик жер долбоорлоо институту тарабынан кеңешме өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы 9-июнда билдирди.
"Кеңешмеде акыркы жылдары көптөгөн өзгөрүүлөргө туш болгон жер тилкелерин инвентаризациялоодо жардам катары колдонулуучу, учкучу жок GeoScan 101 үлгүсүндөгү учуучу аппарат менен жер бетинин сүрөтүн тартууну көргөзүү каралууда”,- деп билдирет министрлик.
Иш-чарага аталган институттун жетекчилери жана адистер катышат.
Эске салсак, 2014-жылдын май айында Ош облусунун Ноокат районунда жогоруда аталган аппараттын презентациясы болуп өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

