super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Пропорционалдык шайлоо системинин кемчилиги – эл тааныбаган кишисине добуш берет”

 

Кыргызстан учурда колдонуп жаткан пропорционалдык шайлоо системинин бир кемчилиги – эл тааныбаган кишисине добуш берет. Муну бүгүн, 9-июнда ММКлардын бириндеги түз эфирде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Айтымында, бул шайлоо принцибин ар бир эл өзүнүн менталитетине, каада-салтына жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөртөт.

“Бул системде утулган тарап болбойт, алган добушуңа жараша мандат алуу мүмкүнчүлүгү бар. Кемчилиги – эгер парламентке 20 партия өтүп кетсе, анда көпчүлүк коалиция түзүүгө болбойт, ыркы кетет, ыдырайт. Күчтүү өкмөт болбойт. Ошондуктан партиялардын санын азайтыш үчүн шайлоо босогосу деген норма киргизилген. Ошону аттап өткөн партия гана парламентке келет. Бизде андай босого - добуш берүүгө келген шайлоочулардын 7 пайызы. Бул системдин дагы бир кемчилиги - конкреттүү депутат менен элдин байланышы үзүлөт. Эл абстракттуу, өзү көрбөгөн, тааныбаган талапкерге добуш берет. Алар партиянын лидерин билишет же башкы сабына белгилүү спортчу, ырчы, акындарды коюп алат. Алар өтүп алып, ордун артындагы адамдарга таштап кетет”,- деген Текебаев мажоритардык систем менен пропорционалдык системди айкалыштыруу зарыл экенин айтты. 

Текебаев сунуштаган мыйзам долбоору аймактык лидерлердин парламентке келишине жол ачарын белгиледи. “Кээ бир кичинекей райондордо 17ге чейин депутаттар болуп, 100 миң шайлоочусу бар Сокулук районунда бир дагы депутат жок”,- дейт эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: