super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев “2010-жылга чейин Кыргызстандагы коррупция кол тийгис бойдон калган” деди

 

"2010-жылдагы башкаруу системи кескин өзгөртүлгөнгө чейин Кыргызстандагы коррупция кол тийгис бойдон калган". Муну 9-июнда Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Айтымында, 90-жылдардан баштап Кыргызстан коррупция менен күрөшүү аракеттерин жасап келген. Бирок бул күрөш оомал-төкмөл мүнөз күтүп, ишке караганда сөз көп болгон. 

“Жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен өлкө парламенттик демократия жолун тандап алды, парламенттин ролу менен көз карандысыздыгы жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Конституция саясий күрөш менен компромисстердин натыйжасы болгондугуна карабай, биз жаңы мамлекеттин эл аралык стандарттарын киргизип, ар кандай бийлик бутактары жана башкаруу институттарынын ролу менен ыйгарым укуктарын тагыраак жазуу аркылуу укук үстөмдүүлүгүнүн негиздерин түптөй алдык”,- деди  Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: