super.kg logo
  Саясат  

Бишкек: Коррупция темасы боюнча өтүп жаткан эл аралык жыйында “Кумтөргө” байланыштуу пикир келишпестик чыкты

 

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду" аттуу эл аралык жыйында “Кумтөр” маселеси боюнча пикир келишпестик чыкты.

Жыйында Стратегиялык изилдөөлөр бюросунун башчысы Гани Абдрасилов “Кумтөр” компаниясынын Директорлор кеңешинин мурунку мүчөлөрүн сынга алды. “2010-жылдан тарта Кыргызстан “Кумтөрдүн” акцияларынын 33 пайызына ээ болгондуктан, өлкө экономикалык, техникалык, экологиялык саясатын өзү жүргүзсө болмок. Бирок буга карабай аталган компаниянын Директорлор кеңешинин мурунку мүчөлөрү Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес, өздөрүнүн чөнтөгүн гана ойлошкон. Анткени Канада тараптан аларга акчалай сыйлык берилип турчу. Эгер алар Кыргызстандын өкмөтүнүн алдында отчёт берип турууга милдеттүү болгондо, Кыргызстандын кызыкчылыгы корголмок. 4 жыл ичинде бул багытта парламент эч кандай иш жүргүзгөн жок”,- деди Абдрасилов.

Буга Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жооп кайтарды. “Сиз жаңылышасыз. Парламент 20 жылдан бери “Кумтөр” маселеси боюнча эч нерсе кылган эмес. Бирок акыркы 4 жылда азыркы парламент ушул багытта мыкты иштерди жасап жатат”,- деди депутат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: