super.kg logo
  Саясат  

Соцфонддун төрагасы: “Жаранды пенсияга чыгарууга 3 айдан 1 жылга чейин убакыт кетет”

 

Бүгүн, 10-июнда парламенттеги Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев: “Пенсияга чыгам деген киши тез арада же бир айдын ичинде пенсияга чыга албайт”,- деп билдирди. Айтымында, документтерин даярдоого бир жылдай убакыт керектелет.

Пенсияга чыгам деген киши 3 айдан 1 жылга чейин күтүшү керек. 3 айлык мөөнөттү 1 ай кылуу боюнча өкмөттүн токтомуна макулмун. Август айына чейин мунун жообун беребиз. Азыр пенсияга чыгам дегендер бир жыл күтүп калганда нааразы болуп жатышат. Бирок шарт ошондой. Документ жыйноого эле бир топ убакыт коротулат”,- деди Абылгазиев.

Комитет отурумунда “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: