Башкы прокуратуранын 110 кызматкери кирешеси тууралуу декларация тапшырбаганын депутаттар сынга алышты
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети бүгүн, 10-июнда борбор шаарда көчмө жыйын өткөрүүдө. Анда депутат Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын 110 кызматкери жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу декларация тапшырбаганын сынга алды. “Декларациясын туура эмес толтурган мамлекеттик кызматкерге Башкы прокуратура чара көрүшү керек болчу, бирок өзүнүн кызматкерлери декларация тапшырбай жатат. Муну иликтеп чыгыш керек”,- деди Алтыбаева.
Айта кетсек, көчмө жыйын Мамлекеттик кадр кызматынын Тестирлөө борборунда өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

