Москвадагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коргоо министрлер кеңешинин жыйынына Кыргызстандын делегациясы да катышууда
Москвада бүгүн, 10-июнда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун
төрагалыгы астында ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин жыйынына КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев жетектеген делегация да катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз
кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, жыйынга ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа катышууда. Ал уюмдун жоопкерчилик чөйрөсүндө жана ЖККУ форматындагы актуалдуу болгон аскер кызматташтык маселелери жөнүндөгү докладын окуйт. Ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн консультациялык планына жана ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн пландарын оперативдүү жайылтуу боюнча маселелер каралмакчы.
Иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын аскер ведомстволорунун башчылары, ЖККУнун Бириккен штабынын жана катчылыгынын өкүлдөрү жана Орусиянын ТИМи катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.