super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда малды паспорттоштурууну баштоо мөөнөтүн узартуу сунушталууда

 

Кыргызстанда малды идентификациялоону баштоо мөөнөтүн узартуу сунушталууда. Маселе бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында каралды.

Депутат Эсенгул Исаков мыйзам долбоорунун максатына токтолду. Айтымында, жаныбарларды идентификациялоону жүргүзүү боюнча каржы булагы кыргыз өкмөтү менен Польша өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун алкагында аныкталган. Малды идентификациялоого 16 миллион евро жумшалышы күтүлүүдө. Бул макулдашуу былтыр ратификацияланган, бирок ратификациялык иш-чараларды акырына чейин жеткирип, бекитүү кандайдыр бир убакытты талап кылууда.

“Мындай жагдайды эске алуу менен "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамынын күчүнө кирүү датасын жогоруда аталган макулдашууну ишке ашыруунун башталышына туура келтирүү максатында мыйзам долбоору сунушталды”,- дейт демилгечи.

Айта кетсек, сунушталган мыйзамга ылайык, бодо малга 2014-жылдын 1-октябрынан, жылкыларга 2015-жылдын 1-октябрынан, майда мал жандыктарына 2016-жылдын 1-октябрынан, канаттуулар менен аарычылыкка 2017-жылдын 1-октябрынан тарта идентификация жүргүзүү сунушталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: