super.kg logo

Бишкекте граффити боюнча эл аралык фестиваль өтөт

 

21-июнда Бишкекте "Basicolors" арт-демилгечилер тобу Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстандагы Германиянын жана Франциянын элчиликтеринин колдоосу менен стрит-арт жана граффити сүрөт өнөрүнүн 6-эл аралык фестивалын өткөрөт.

Иш-чарага Германия жана Франциядан 8 көчө сүрөтчүсү келет. Ал эми Кыргызстандан 8 жаш көчө сүрөтчүсү катышат. Алар граффити галереясында “Биргеликте бактылуубуз” темасында сүрөт тартышат. Фестиваль саат 10:00дө Лев Толстой-3-а дарегинде орун алат.

“1980-жылдары Америкада пайда болуп, заманбап искусство катары саналган граффити жыл санап дүйнө жүзүндө өзүнүн креативдүү жаштардан куралган күйөрмандарын топтоп келет. Бүгүнкү күндө граффити ар бир заманбап шаардын бир бөлүгү болуп саналат, Бишкек да көптөн бери алардын катарында”,- деп билдиришет "Basicolors" арт-демилгечилери. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: