super.kg logo

Айтмамат Кадырбаев, Июнь окуясы тууралуу: "Чагымчыл күчтөрдүн айынан бейкүнөө жарандар дайынсыз болууда"

 
Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында Июнь окуясынын 4 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары болуп өттү. Ага КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана башкармалыктын жетекчилери, ошондой эле Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты. 
Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Июнь окуясында каза болгон жана дайынсыз жоголгондорду эскерип, куран окутуу үчүн мэриянын бюджетинен 150 миң сом бөлүнгөнүн айтты. "Ош окуясында каза болгондорду эскерүү шаардын 4 жеринде белгиленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мындан 4 жыл мурда чагымчыл күчтөр Кыргызстандын келечегине бүлүк салабыз деп бейкүнөө жарандарыбыз каза таап, айрымдары дайынсыз болуп отурат. Менин тилегим, кан төгүүлөр болбосун, мындан ары тынчтыктын курчоосунда гана жүрөлү",- деди мэр. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: