super.kg logo

Ысык-Көлдө Жогорку Сотко караштуу Судьяларды окутуу борбору тиешелүү кызматкерлер үчүн тренинг өткөрүүдө

 
Ысык-Көлдө бүгүн, 10-июнда КРнын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борбору жана ЮНИСЕФ, “Укук борбору” коомдук фонддору менен биргеликте тиешелүү кызматкерлер үчүн "Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстиция" деген аталышта тренинг өткөрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда аталган окутуу борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тренингге Ысык-Көл облусунун судьялары, прокурорлору, жактоочулары, Ички иштер министрлигинин жана Ысык-Көл облусунун социалдык ɵнүктүрүү аймактык башкармалыктарынын 30га жакын кызматкерлери катышууда.

Ал эми иш-чаранын тренерлери болуп Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Аида Рыскулова, “Укук борбору” коомдук фондунун юристи Айжан Кадырова, Чүй облустук прокуратурасынын бɵлүм башчысы Улан Шаршеев, КРнын ИИМ академиясынын окутуучусу Рашид Жумагулов дайындалды.

Тренингдин программасы боюнча төмөнкү маселелер каралууда:

- Ювеналдык юстиция тармагындагы эл аралык стандарттар;

- Ювеналдык юстиция тармагындагы прокуратуранын ишмердигинин ɵзгɵчɵлүктɵрү;

- Жашы жетпеген соттолуучуга карата жазык ишин кароо ɵзгɵчɵлүктɵрү;

- Ювеналдык юстициядагы адвокаттык ишмердиктин ɵзгɵчɵлүктɵрү;

- Ювеналдык юстициясынын социалдык ɵңүттɵрү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: