super.kg logo

Токтобек Асаналиев концертинде ат-башылык таланттардын башын бириктирди (фоторепортаж)

 
Бул концерттин билет баасы 500-700 сом болду.
Ырчылар даярдык үстүндө.
Ырчылар даярдык үстүндө.
Токтобек Асаналиев "ат-башылык бир туугандарым үчүн" деп атайын дасторкон жайып, аш демдетиптир.
"Билинбегени менен Ат-Башыдан 60 чакты талант чыгыптыр. Улуу, кичүү муун бири-бирин таанып жүрсүн деп алардын башын бириктирдим" дейт бул концерттин уюштуруучусу Токтобек Асаналиев.
Концерттин биринчи бөлүгүндө көрүүчүлөр жалаң фольклордук чыгармаларга күбө болушту.
Концерт "Манас" айтуу менен башталды.
Концерттин жүрүшүнөн.
Айтбүбү Атамкулова кезектеги чыгармасын элге тартуулоодо.
Ат-Башынын таланттуу жигиттери.
Кыз-жигиттер "Гүлдөй жан" ырын созушууда.
Ат-Башыдан чыккан таланттуу жигиттер.
Ат-Башынын таланттары.
Концертте Улуттук консерваторияда билим алып жаткан ат-башылык студенттердин да өнөрүнө күбө болдук.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин экинчи бөлүгүн Ат-Башы жергесинен чыккан алып баруучулар Нурдөөлөт Копоев жана Эльмара Турсуналиева алып барды.
Концерттин жүрүшүндө лирикалык чегинүү болуп, актёрлор фортепианодон жаңырган музыканын коштоосунда мекен, сүйүү тууралуу ырларды окушту.
Концерттин жүрүшүндө лирикалык чегинүү болуп, актёрлор фортепианодон жаңырган музыканын коштоосунда мекен, сүйүү тууралуу ырларды окушту.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Сахна жасалгасы.
Опера ырчысы Үмүт Тилегенова.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Токтобек Асаналиев эне тууралуу ырды сахналаштырып аткарды.
Концертте классикалык музыкалар да жаңырды. Скрипкачы Гүлнара Сыдыкбекова.
Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүн улуу муундун өкүлдөрү түзүштү.
Концертке Ат-Башыдан чыккан таланттуу обончу, КРнын Эл артисти Калыйбек Тагаев да катышты.

Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын асты. "Билет алгыла, билет!", "Ай, эмне менин клиентимди тартып кеттиң?!" деп ары-бери басып билет саткан сатуучулар. Билеттерин колуна кармап имараттын эшигинин ачылышын күтүп, Токтобек Асаналиев баштаган ат-башылык таланттардын өнөрүнө күбө болууну самаган эл. Ошентип, саат жебеси 18:50нү кагып, "Булутка тийген аскасы, булбулдар чыккан Ат-Башы" деген аталыштагы концерт башталды. Сахна көшөгөсү ачылып, анын төрүнөн орун алган фольклордук топ четинен өз өнөрлөрүн тартуулай башташты. Бири "Манас" айтса, бири комузда кол ойното күү чертип, дагы бири улуттук аспаптардын коштоосунда Ат-Башы жергеси, андан чыккан залкарлар, мекен, сүйүү тууралуу ырларды тартуулашты.

Концерттин аты айтып тургандай, ага жалаң Ат-Башы жергесинен чыккан таланттар катышыптыр. Алардын арасынан белгилүүлөрдөн обончу Рахатбек Сейитбеков, Алтынбек Каленов, комузчу Нурзат Орозалиева, эстрада жана фольклор ырчылары Айтбүбү Атамкулова, Аскат Мусабеков, опера ырчысы Үмүт Тилегенова, скрипкачы Гүлнара Сыдыкбековаларды көрүп, алардын өнөрүнө күбө болдук. Кызыгы, концерттин алып баруучулары да ат-башылыктар экен. Алар Нурдөөлөт Копоев, Эльмара Турсуналиева, Бакай Шүкүров жана Эрке бала деген ат менен таанымал болгон мырза Талант Карагулов болду.

«Бул концертиме жалаң Ат-Башынын таланттарын чогулттум. Билинбегени менен Ат-Башыдан 60 чакты талант чыгыптыр. Улуу, кичүү муун бири-бирин таанып жүрсүн деп алардын башын бириктирдим. Ала көөдөн жаным баарын эле четинен чакыра бериптирмин. Аягында иргеп алууга туура келип, 40тай талантты тандап алдык»,- дейт бүгүнкү концерттин уюштуруучусу, ырчы Токтобек Асаналиев.

3 сааттан ашык убакытка созулган концертте убагында хит болгон ырлар ырдалгандыктан, эл сурантпай кол чаап, айрымдары ырчыларга кошулуп ырдап отурушту.






Токтобек Асаналиев ат-башылыктардын башын бириктирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(28)
10.06.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баракелди Токтобек байке ишинизге ийгилик онору оркундой берсин
11.06.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мм,тузук

11.06.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыркы убакта ырчылар ,озунун кичи мекендештерине арнап концерт койгондой сезилип жатат. Кимдин айылдаштары жакшы колдойт экендей. Ырчылар политикага окшоп калбагыла!
11.06.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
depu, Ырчылар политикага окшоп калбагыла!! -Ырчылар ким,Политиктер ким -ЭЭН чон айырма бар! ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 11.06.2014 10:19
11.06.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musio - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
11.06.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн Жакшы бир жерден чыккан таланттар бири бирин тааный журсо жакшы да.
11.06.2014. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жердешчилик деген эн жаман эн негизгиси кыргыз болсо болду да
11.06.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ийгилик ишинизге. Нарында негизи эле элдери аябай таланттуу келет
11.06.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобек Асаналиевдин концерти жакшы өтчү эле деп мен да кызыгып баргам. Концерт качан гана ортолоп калганда, Ат Башылыктардын ашар концерти экенин түшүндүм. Ага чейин качан чыгат деп эле кутуп отурам Т. Асаналиевди.. Режиссеру бир аз жакшы иштесе болмок экен деген ойдо калдым. Себеби: Ыр ырдалып жатканда, артынан ролик берилип, ошол учурда эле сахнада актерлор да сценка коюп, бийчилер да бийлеп жүрүштү..
11.06.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кой антпегиле буюрса алдыда будан да жакшы концерт берет, бул да болсо жетишкендик!!! Азамат Токтобек ава!!! Алга!
11.06.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт эн жакшы маанайда отту сценарий жакшы тузулуптур
11.06.2014. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концерт болгону жакшы, ыр болуп турсун. Бирок...
Өнөр адамдары бир адат таап алышты, "Токтогулдун торгойлору" ж.б. деп концерт бермей. Мунун акыр түбү барып бөлүнүүчүлүккө такалбайбы...
SUPER.KG видео
11.06.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Жакпады 1грамда башка ырчыларга жалдырабай деп койот го ушундан коро башка ырчыларга жалдырап чакырып жакшырак концерт берсе болмок экен жалко билетке
SUPER.KG видео
11.06.2014. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Токтобек ага алга
SUPER.KG видео
11.06.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат Токтобек унуно береке талантына таазим Атбашылыктар!
SUPER.KG видео
11.06.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Токтобек азыркы замандын Муса байетову
SUPER.KG видео
11.06.2014. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Жакшы качественно концерт бериш керек,жакында эле концерт берген эле го жакшылап даярданып анан откоруш керек да, эски ырларын ырдап коюптур эч кандай жанылануу жок. Ырчылар жакшылап даярданышып бир жылда бир эле концерт беришет бирок жакшы даярдык менен эл ыраазы, эс алгандай, концерт коргондой болуш керек.Начар эптемей!
SUPER.KG видео
11.06.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azamatsyz Toktobek baike,talantynyzga taazim,en mykty!!!
SUPER.KG видео
12.06.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
унунузго баракелде!!!
Сонун ыдаптыр. Ушундай нукура кыргыз ырларын ырдаган ырчылар кобойо берсин.
SUPER.KG видео
12.06.2014. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо жакында 8-июньда Ак-Талаалыктар концерт беришти, ошол концерт жонундо репортаж жок го. Же барбай калып арманда калдынарбы. Аябай сооонун болгон, эс алып кеткенбиз 3саат бат эле отуп кеткендей сезилди коруучулорго. Элдин кеткиси келбей алып баруучу жакшы баргыла, келгениниздерге рахмат дегенден кийин кана эл туруп эшикти коздой жоношту. Ошондой концерттер жонундо репортаж кылсанар жакшы болмок.
SUPER.KG видео
12.06.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобек азаматсын!
SUPER.KG видео
12.06.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун болуптур, чыныгы таланттардын жандуу үн менен ырдаганы башка концерттерден айырмалаптыр. Мыкты!!!
SUPER.KG видео
13.06.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жакшы болуптур. жандуу ун менен эн жакшы болуптур. башка ырчылар эптеп септеп кылбай. эн жакшы ишинерге ийгилик оркундоп осо бергиле.
SUPER.KG видео
13.06.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
алтымыш атбашылык ырчынын концерти, бир Гульнур Сатылганованын концертине жетпептир! Коп суур ийин казбайт,казса терен казбайт деген ушу да. Эч жерде озгочолук байкалбайт. Н.Копоевго айласыз кулосун)))
SUPER.KG видео
13.06.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talatynyzga teren taazim, Toktobek Asanaliev! Ununuz ayabai kenen, ukkuluktuu jana ech kyinalbai yrdaisyz! Myna chynygy janduu un!
SUPER.KG видео
14.06.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоооон рахмат.Аман болунуздар.Ийгилик каалайм.Ат башы суйом сени жанымдай.
SUPER.KG видео
29.06.2014. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!! Элдин кызыгуусун жараткан концерт болуптур. Чыгармачылык ийгилик
SUPER.KG видео
11.03.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Ат-Башы! Ушундай ырчы болбой сын таккандар аман эле болгула дейм!)) Андан башка айталбайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: