super.kg logo

Жылнаама, 11-июнь: Мындан 4 жыл мурун Ошто чыккан жаңжалдан улам аймакка өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген

 
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Оштогу баш аламандыктан улам аймакка өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген. 2010-жылы 10-июнда саат 22:00дө Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү казино, жатакана, филармония жана башка жерлеринде жаңжал чыккан. Бийлик өкүлдөрү чогулгандарды башкара албай калышкан. "Жатаканадагы кыздарды зордуктады" деген сөздөр тарап, башка жактагы тургундардын тез арада чогулушуна түрткү болгон. 11-июнда саат 02:00дө Убактылуу өкмөт өзгөчө кырдаал жарыялап, коменданттык саат киргизген. Ошол эле күнү саат 04:00дө шаардагы "Фрунзе" базарына жакын жерде өрт, мародёрлук башталган. Өзбек улутундагылар көп жашаган айылдардагы жашоочулар борбордук көчөнү бууп алышкан.
* Мындан 11 жыл мурун, 2012-жылы Орусиянын Свердлов облусунун Серов шаарынын аэродромунан учуп чыккан Ан-2Р учагы дайынсыз жоголуп, 1 жылдан соң гана саздан табылган. Иликтөөлөрдө мас болуп калган учкуч 12 кишини алып учуп чыгып, кырсыкка учурап, учактагылардын баары каза болгондугу билинген.
* Мындан 97 жыл мурун, 1917-жылы Балтика деңизиндеги Готланд аралына жакын жерде Орусиянын Аскер-деңиз флотунун "Львица" суу алдында жүрүүчү кемеси жарылып, сууга чөгүп кеткен.
11-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: