super.kg logo

Бишкекте “Манас” президенттик камералык оркестри “Достордун кечеси” аттуу концерт берет

 

20-июнда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук драма театрында “Манас” президенттик камералык оркестри “Достордун кечеси” аттуу концерт берет.

Концерт КРнын Эмгек сиңирген артисти, башкы дирижёр Эрнис Асаналиевдин жетекчилиги астында өтөт.

Аталган театрдан билдиргендей, концерттик программада мыкты делген классикалык чыгармалар жаңырат.

Белгилей кетсек, “Манас” камералык оркестри 1999-жылы түзүлгөн. Оркестрди дирижёр-скрипач, КРнын Эмгек сиңирген артисти Эрнис Асаналиев негиздеген. Дүйнөлүк жана улуттук классиканы жайылтууга кошкон үзүрлүү салымы үчүн оркестрге 2001-жылдын 4-апрель күнү “президенттик” деген статус ыйгарылган. Оркестрдин репертуары Азия, Европа, Америка жана Кыргызстандын чыгармаларын камтыйт. Түзүлгөн убакыттан бери оркестр 100 жеке программа даярдаган жана Кыргызстандын аймагында 10 концертин берген.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: