super.kg logo

Бүгүн Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсунов 79 жаш курагында дүйнө салды

 

Бүгүн, 11-июнда Кыргыз Эл акыны, драматург, котормочу Эрнис Турсунов 79 жаш курагында кайтып келгис сапарга аттанды. Бул тууралуу маркумдун жакын санаалаштары билдирди. 

Белгилей кетсек, Эрнис Турсунов 1935-жылы 24-августта Бишкек шаарында туулган. Анын «Ай чырайлуу кыздар», «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Эрки күчтүүлөр», «Замандаш», «Баш мээси менен», «Байтик баатыр» сыяктуу драмалары кыргыз театрларында ийгиликтүү коюлуп келет. Анын «Олжобай менен Кишимжан», «Балбай менен Ормон», «Жусуп Баласагын» опералык либреттолоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка жазышкан. Эрнис Турсуновдун калемине таандык ырларга обончулар менен композиторлор обон чыгарышкан.

Э.Турсунов А.Пушкиндин «Евгений Онегин» романын, Н.Некрасовдун «Орус жеринде ким жыргайт?» поэмасын, Шекспир, Сервантес, Гоголь, Есенин, Маяковскийдин жана башкалардын чыгармаларын которгон.

Ал мусулмандардын ыйык китеби Куранды жана христиандардын ыйык китеби Библияны биринчилерден болуп кыргызчалаган.

Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамдары берилген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.06.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун! Быйыл дагы кыргыздын күчтүү, күчтүү залкарлары дүйндөн өтүп кетип жатат...
Аркы дүйнөсүн берсин...
11.06.2014. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайрылуу болсун 1
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: