super.kg logo

Улуу Британияда дүйнө жүзүндөгү эң чоң жана эң кымбат сыналгы сатыкка чыгарылды

 

Улуу Британияда "Титан" ишканасы тарабынан дүйнө жүзүндөгү эң чоң жана эң кымбат сыналгы сатыкка чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, «Зевс» («Zeus») деп аталган сыналгы 1,6 миллион АКШ долларына бааланууда. Экранынын узундугу 8, бийиктиги 5 метр, диагоналы 370 дюйм (9,4 метр), ал эми салмагы 1 тоннага жакын. 

Бул сыналгынын өзгөчөлүгү - бир убакта 20 каналды көрсөткөндүгү жана экранынын 65 миллион түстү бере алгандыгы. Аталган сыналгыны кыймыл-аракет, жаңсоо менен башкарууга болот жана бөлмөдөгү жарыктын берилишине карата түсүн өзгөртө алат.  

"Титан" ишканасынын негиздөөчүсү Энтони Ганжунун айтымында, учурда мындай сыналгыдан төрт даана жасалууда. Алардын экөөсүн буюртманын негизинде кабыл алышкан. Сыналгынын бирин британиялык миллионер короосуна орнотуу үчүн сатып алууда. Ал эми экинчи сыналгы болсо Канн курортундагы отелдердин бирине орнотулат. 

Белгилей кетсек, буга чейин "Панасоник" ишканасы чыгарган сыналгы дүйнөдөгү эң чоң сыналгы деп саналып келген. Анын диагоналы 152 дюймду (3,9 метр) түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
11.06.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумдук.
11.06.2014. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бешинчиси Кыргызстанга заказ кылыныптыр. Супер Инфо гезити буйрутма бериптир. Кылычбек байке борбордук аянтка коет имиш. Рахмат Супер ар дайым Супер. (жакшы тилек, жарым ырыс)
11.06.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал акчага би3де укмуш уй салса б.т
11.06.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчасын эмне кылаарын билбегендерге буйрусун.
12.06.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulan_rysbaev тилегине кошулам
17.06.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыы,биздин эл качан ушундай телевизор алат болду экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: