super.kg logo

Көркөм өнөр музейинде Сапар Жоробаевдин “Жаратылыш фантазиясы” аттуу көргөзмөсүнүн бет ачары болду (фоторепортаж)

 
Көргөзмөнүн кызыл лентасы кесилди.
Сүрөтчү Сапар Жоробаев.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн.
Турна.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн.
Теке.
Арстан.
Картаң бүркүт.
Бактан жасалган эмеректер.
Ат.
Нокаут.
Арстан.
Сөөлү бар чал.
Көргөзмөгө коюлган экспонаттар.
Крокодил.
Бийчи.
Көргөзмөгө коюлган экспонаттар.
Бактан жасалган отургуч.
Бактан жасалган отургуч.
Көргөзмөгө коюлган экспонаттар.
Турна.

Бүгүн, 11-июнда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Сапар Жоробаевдин “Жаратылыш фантазиясы” аттуу көргөзмөсүнүн бет ачар аземи болуп өттү. Аземге сүрөтчүнүн санаалаштары, үй-бүлөсү катышты.

Белгилей кетсек, көргөзмөгө сүрөтчүнүн 160 эмгеги коюлду. Алардын көбүн бак-дарактардын тамырларынан, ар кандай формада өскөн талдардан жасалган скульптуралар түздү.

“Бактардын бутактарынан адамдардын, жаныбарлардын дене түзүлүштөрүн жасоого болот. Мындан тышкары алардан кийим илгич, эшиктин туткасын, шам коюучу буюм, май чырак жасаса болот. Бактын сөңгөгү болсо чоң скульптураларды жана эмеректерди жасоодо колдонулат”,- дейт бүгүнкү көргөзмөнүн ээси Сапар Жоробаев.

Белгилей кетсек, Сапарбек Жоробаев 1946-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылында туулган. 1970-жылы С.Чуйков атындагы көркөм окуу жайын аяктаган. Анын окутуучулары КРнын Эл сүрөтчүсү А.Осмонов, В.Шестопал жана башкалар болгон. Ал 1970-1971-жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенген. 1971-1973-жылдары С.Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында, 1973-1990-жылдары Аксынын маданият бөлүмүндө жасалгалоочу болуп эмгектенген. Мындан сырткары Сапарбек Жоробаев республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 

Маалымат үчүн айта кетсек,  көргөзмө 27-июнга чейин уланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: