super.kg logo

Бишкекте китепканалардын 6-республикалык форумунда аталган жаатта мыкты иш алып баргандар сыйланды (фоторепортаж)

 
Айылдык китепканаларга китептер таратылды.
Форумга республиканын жети дубанынан китепканачылар келишкен.
Форумдун алкагында “Мыкты райондук китепкана”, “Мыкты айылдык китепкана”, “Жылдын мыкты жетекчиси”, “Жылдын мыкты китепканачысы” номинациясы боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Бүгүн, 11-июнда Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында “Кыргызстандын руханий маданиятын калыптандырууда жана мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо китепканалардын ролу” аталышында китепканалардын 6-республикалык форуму өткөрүлдү.

Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев,  Орусия кызматташтыгынын жетекчиси Алексей Зенько, республиканын жети дубанынан келишкен китепканачылар, ведомстволор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, билим берүү жана маданият кызматкерлери катышты.

Форумдун алкагында “Мыкты райондук китепкана”, “Мыкты айылдык китепкана”, “Жылдын мыкты жетекчиси”, “Жылдын мыкты китепканачысы” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Маданият министрлиги тарабынан айылдык китепканаларга эки миң нуска китеп таратылды. 

Аталган китепканадан маалымдагандай, форум КРнын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына багытталган. Башкы максаты - китепканачылардын ишмердүүлүгүн чыңдоо үчүн мамлекеттик мекемелердин, коомчулуктун көңүлүн буруу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: