5 ай ичинде республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 37 миллиард 878 миллион сомду түздү
5 ай ичинде республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 37 миллиард 878 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-июндагы маалымат жыйынында каржы министри Ольга Лаврова билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Алдын ала маалыматтарга караганда, январь-май айларынын аралыгында республикалык бюджет 94,5 пайызга аткарылган. Өткөн жылга салыштырмалуу жалпы чыгашалар 3 миллиард 432 миллион сом же 10 пайызга өскөн.
Каржылоо багытындагы чыгашалар 5 ай аралыгында 29 миллиард 101 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 15,1 пайызга өскөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

