super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы гендердик саясат дүйнөлүк аренада кызыгуу жаратып жатканын айтат депутат Акназарова

 

Мамлекеттик башкаруудагы гендердик тең салмактуулуктун сакталышы дүйнөлүк аренада кызыгуу жаратууда. Муну депутат Роза Акназарова 12-июнда "Парламент" радиосундагы маегинде айтты. Стамбул шаарында өткөн "БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын максаттары жөнүндөгү" эл аралык саммитке дүйнөнүн 42 өлкөсүнүн 306 делегаты катышканын айткан депутат жыйында экологиялык, экономикалык жана социалдык маселелер талкууланганын билдирди. 

"Дүйнөдөгү аялзатынын укуктарын коргоо, алардын саламаттык сактоо, билим берүү, экономика маселелери талкууланган саммитте мамлекеттик башкаруудагы гендердик тең салмактуулуктун сакталышы тууралуу да сөз болду. Бул багытта Кыргызстандагы алдынкы тажрыйбалар айтылып, саммитке катышкандардын зор кызыгууларын жаратты",- дейт Акназарова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: