super.kg logo
  Саясат  

"Мекен ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы: «Чет өлкөлөрдөн насыя алардан мурун мамлекеттик тышкы карыздар саясаты жөнгө салынышы керек"

 

Кыргыз Республикасынын тышкы карыздары боюнча акыркы маалыматтарга таянсак, анын суммасы КРнын ички дүң продукциясынын 45 пайызын түзүп, 3 миллиард 241 миллион АКШ долларына жеткен.  

Бул тууралуу 12-июнда "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков төмөндөгүлөрдү белгилеп өттү: «Чет өлкөлөрдөн насыя алардан мурда мамлекеттик тышкы карыздар саясаты жөнгө салынышы абзел. Тышкы карыздар боюнча мыйзам жөнгө салынган соң, өлкөнүн өнүгүү планы жана так стратегиясы иштелип чыгышы максатка ылайык болот. 

Өкмөтүбүз муну жогоруда айтып кеткендей, иреттүү кылбаганы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ички дүң продукциясынын 45 пайызына жеткен тышкы карыз пайда болуп калды. 

Бир кичи ишкана дагы бизнести өнүктүрүүнү пландаштырып жатса, баарынан мурда бизнес-план иштеп чыгат жана ошонун негизинде иш алып барат. Мамлекеттик деңгээлди эми өзүңүз элестете бериңиз». 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: