Темирбек Асанбеков: "Чет өлкөлүктөр чек арадан киргенден баштап, алардын чыккан күнүнө чейин тактап, көзөмөлдөө керек"

Бүгүн, 13-июнда "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков чет өлкөлөр менен кызматташуу, туризм тармагын көзөмөлдөө керектигин айтып өттү.
«Кыргыз Республикасы акыркы убакта туризмди өнүктүрүү үчүн бир топ өлкөлөр менен болгон визалык режимди жеңилдетип койду, бул жакшы жышаан. Бул процесс көзөмөлгө алынбаган учурда башында биз ойлогон натыйжаларды бербей калышы мүмкүн.
Ошондуктан чет өлкөлүктөр чек арадан киргенден баштап аларды каттоого алып, кирген күнүнөн баштап, чек арадан чыккан күнүнө чейин баарын тактап, көзөмөлдөө - өзүн сыйлаган ар бир өлкөнүн милдети. Бул миграциялык так эсепке алуу процесси мамлекеттин коопсуздугу үчүн да жасалчу көлөмдүү жана көп максаттуу жумуш»,- деди Асанбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
1

