Кыргызстандагы ишканаларга 5 айда 4385 салыктык текшерүү болду
Кыргызстандагы ишканаларга 2014-жылдын 5 айында 4385 салыктык текшерүү болду. Муну 12-июнда маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Октябрь Абдыкаимов билдирди. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен бюджетке кошумча 868,2 миллион сом түшүптүр. Абдыкаимов жалпы суммасы 100 миллион сомду түзгөн 22 материал укук коргоо органдарына жиберилгенин кошумчалайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

