super.kg logo
  Саясат  

КСДП фракциясы кайталап добуш берүү менен Судьяларды тандоо кеңешинин курамына Жамийла Нурумбетованы өткөрдү

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы бүгүн, 13-июнда Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы курамына талапкер тандады. Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Шамарал Майчиев, Жамийла Нурумбетова, Жылдыз Сайдуллаеванын талапкерлиги бекитилди. 

Бул маселе фракцияда 30-майда каралып, анда аталган кеңештин мүчөлүгүнө Шамарал Майчиев, Жылдыз Сайдуллаева жана Рустамбек Исаев өткөн эле. Бирок андан кийин фракцияда кайрадан добуш берүүнү уюштуруу маселеси көтөрүлүп, мунун туура эмес экенин айткан тармактык комитеттин төрагасы Токтогул Туманов "КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков кеңештин мүчөлүгүнө Жамийла Нурумбетованы өткөрүүгө кызыкдар" деп билдирген эле. 

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин курамында 24 мүчө бар. Жалпы курамдын үчтөн бири парламенттеги көпчүлүк коалиция, үчтөн бири парламенттик оппозиция, үчтөн бири Судьялар кеңеши тарабынан көрсөтүлөт. Алар 3 жылдык мөөнөткө шайланышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: