super.kg logo
  Саясат  

Бишкек Кара-Балта жолун оңдоого насыя алуу демилгесин КСДП фракциясы колдоду

 

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы “Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоорун үч окууда жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, келишим шарттарына ылайык, ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фонду Бишкек – Кара-Балта (52 чакырым), Маданият – Жалал-Абад (67 чакырым) жолун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга 60 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлөт. Насыя 1 пайыз үстөгү менен 20 жылдык мөөнөткө күрөө коюусуз берилет. Анын алгачкы 8 жылында насыя пайызы төлөнбөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: