super.kg logo

Кыргыз улуттук филармониясында кавказ элинин ыр-бий кечеси өтөт

 

27-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Ооба, ооба, ооба, бул Кавказ” аттуу кавказ элинин ыр-бий кечеси өтөт. Бул концертте жаш аткаруучу Шамхан Далдаев жана “Къууанч” болгар бий ансамбли өз өнөрлөрүн тартуулашат. 

"Шамхан Далдаев күйөрмандарынын жүрөгүн Кавказдын ысык күнүндөй жылытат. Анын сахнадагы өзгөчө образы - андагы натуранын бир бөлүгү. Ал эми сахнанын сыртында ал ишенчээк, боорукер, романтик жигит. Мына ушул сапаттардын түйүнү Шамханды популярдуу ырчы кылып жатат. Анын ырларын Чеченстан гана сүйүп укпастан, Түндүк Кавказ, Орусия, Казакстанда да концерт коюп келет”,- деп билдиришет уюштуруучулар.

Мындан тышкары концертте көрүүчүлөргө кадимки кавказ ыр-бийлеринен түзүлгөн майрам тартууланат. "Мындай концерттер көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулап, ар улуттагы элдердин ынтымагын бекемдейт",- дешет алар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: