Түркияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер Билим фестивалында бир катар сыйлыктарга ээ болушту






7-8-июнда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк дүйнөсү жана Түркияда окуп билим алып жаткан чет өлкөдөн келген студенттердин 14-билим фестивалы болуп өттү. Фестиваль ыйык деп саналган жерлердин бири Султанахмет майданында орун алып, ага 60ка жакын өлкөдөн келген студенттер катышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Зафарбек Сулайманов
Кыргызстандын "Достук" жана "Маданият" коомдорунун демилгеси менен боз үй тигилип, боз үйгө кирген ар бир конокко улуттук тамак-аш тартууланды.
Саамалыкта студенттер ырдап-бийлешти. Стамбул университетинин студенти Карима Талгат кызы ырчы Гүлзада Рыскулованын репертуарындагы элдик "Курманбек" ырын аткарып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө жана фестивалдын сыйлыгына татыктуу болду. Кыргыз студенттеринин билими күчтүү экенин дагы бир ирет даңазалаган студенттер Тынчтыкбек Кубатбеков, Равшанбек Ходжиматов, Бауржан Токтабек байгелүү сыйлыкка ээ болушту. Бул тууралуу 13-июнда Стамбул университетинин студенти Алтынай Касымалиева билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Erhan

16.06.2014. 08:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар дагы да жакшы ийгиликтерди багынткыла Кыргызстанда кандай билимдуу адамдар коп экендигин да корсотуп койгула!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.