super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет Америкадан Кыргызстанга 22 миллион доллар насыя алуу боюнча макулдашууну колдоду

 

Бүгүн, 16-июнда парламенттеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймакты өнүктүрүү комитети Кыргызстан менен Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фондунун ортосундагы АКШдан 22 миллион доллар насыя алуу жөнүндөгү макулдашууну карады. Депутаттардын суроолоруна айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жооп берди. Министр бул каражаттар Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жайлоолорунун инфраструктурасын жакшыртууга жумшаларын айтты.

Каражаттын 11 миллион сому грант түрүндө берилсе, калган бөлүгү жылына 75 пайыз насыя катарында берилет.

Депутат Сайдулла Нышанов министрликтин иши алдыга жылбай жатканына токтолду.

Биз сизди жакшы билебиз. Башкаларга караганда жакшы иштеп берет деп айтып жаттык эле. Эмнегедир министрликтин иши таптакыр эле алдыга жылбай койду. Кредиттик насыя алып деле жатасыз. Ошол акчаларды натыйжалуу пайдаланып, иштин алдыга жылышына басым жасашыңыз керек”,- деди ал.  

Комитет мүчөлөрү макулдашууну карап чыгып, жыйынтыгында жактырышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: