super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев алдын ала пландабай мамлекеттик мекемелердин ишин текшерүүгө алды (фоторепортаж)

 
Премьер-министр Социалдык фонддун Биринчи Май райондук башкармалыгынын кызматкерлери менен сүйлөшүүдө.
Жоомарт Оторбаев: “Чакан ишканалар отчётторун ай сайын эмес, бир кварталда бир жолу тапшырса жеңилирээк болот. Бул сунушту тиешелүү мекемелерге тапшырам”.
Социалдык фонддун Биринчи Май райондук башкармалыгындагы кезек
Жоомарт Оторбаев КРнын Мамкаттоо кызматына келди.
Премьер-министр жарандардын пикирлерин угууда.
Жарандар тиешелүү документтерди каттатып, керектүү процедураларды өтүш үчүн жарым күн жүрүшөт.
Жоомарт Оторбаев ушул иштебей жаткан терминал үчүн департаменттин жетекчилигине нааразы болду.
Мамлекеттик каттоо кызматы
Жоомарт Оторбаев: "Жарандарды убара кылбаш үчүн бардык төлөөлөрдү бир жерде өткөрүш керек. Имарат табуу боюнча Бишкектин мэриясына тапшырма берилген. Анын көлөмү 1,5 миң чарчы метрге барабар болууга тийиш”.

Бүгүн, 16-июнда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев мамлекеттик мекемелер, КРнын Социалдык фондунун Биринчи Май райондук башкармалыгы жана Мамлекеттик каттоо кызматы боюнча алдын ала пландабай туруп рейд жүргүздү.

Өкмөт башчысы Социалдык фонддун аталган райондук башкармалыгына барганда жеке ишкерлер жана бухгалтерлер узун кезекте жарым күн тургандыгына арызданышты. Муну алар “мекеменин кызматкерлери отчётторду кабыл алууга жетишпей жатышат” деп түшүндүрүштү. Бул тууралуу Ж.Оторбаев “Чакан ишканалар отчётторун ай сайын эмес, бир кварталда бир жолу тапшырса жеңилирээк болот. Бул сунушту тиешелүү мекемелерге тапшырам” деп өз пикири менен бөлүштү.

Андан соң премьер-министр Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөдү. Бул мекемеде ал узун кезекке нааразы болду. “Жарандар уруксат берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду алуу үчүн жарым күнүн ушул жерде өткөрүп жатышат. Балким, айрым адамдар мындан пайда табууда. Коргоо кеңеши Мамлекеттик каттоо кызматынан 48 коррупциялык схеманы тапкан”,- деди Оторбаев.

Мындан тышкары ал жарандарды убара кылбаш үчүн бардык төлөөлөрдү жана керектүү процедураларды бир жерде өткөрүш керектигин баса белгиледи. “Имарат табуу боюнча Бишкектин мэриясына тапшырма берилген. Анын аянты 1,5 миң чарчы метрге барабар болууга тийиш”,- деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: