ӨКМ Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркаган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берди
Баткен облусундагы Сох анклавындагы чек ара чырынан жабыркаган Бөжөй айылынын жашоочуларына 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев жетектеген ыкчам топ 117 куту үй-бүлөлүк-гигиеналык каражат, 581 даана самын, 142 даана жаш балдардын кийим-кечелерин жеткирип берди. Бул гуманитардык жардам КРнын Коргоо министрлигинин тик учагы менен жеткирилди.
Ушул эле күнү облустун Чарбак айылына 82 куту үй-бүлөлүк гигиеналык каражат, 403 даана самын, 112 даана жаш балдардын кийимдери, 232 куту кургатылган мөмө-жемиш, Кара-Шоро айылына 15 куту үй-бүлөлүк гигиеналык каражат, 58 даана самын, 63 даана жаш балдар үчүн кийим, 64 килограмм кургатылган мөмө-жемиш жеткирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

