super.kg logo

Жылнаама, 17-июнь: Мындан жыл 154 мурун акын жана тамсилчи Тоголок Молдо туулган

 

* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Бото көз" чыгармасынын негизинде тартылган "Аптап" көркөм фильминин бет ачары өткөрүлгөн. "Аптап" көркөм фильмин режиссёр Лариса Шепитько тартып, чыгарманын бет ачары "Октябрь" жана "Ысык-Көл" кинотеатрларында көрсөтүлгөн. Кийин "Аптап" көркөм фильми Орто Азия жана Казакстан кинематографисттеринин жарышында жеңүүчү деп таанылган. Ошондой эле 1960-жылдардагы кыргыз кино кереметинин катарынан татыктуу орун алган.

*Мындан 154 жыл мурун, 1860-жылы акын, тамсилчи, бир катар насыят, санат, терме ырларынын жана поэмалардын автору Тоголок Молдо Нарын өрөөнүнүн Куртка айылында туулган. Өз аты-жөнү - Байымбет Абдырахман уулу. "Шырдакбек", "Жаңыл Мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" да айтып элди көп кыдырган, санжыра жазган. Кошок ырлары да көп болгон. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары тамсилдери бар. Акындын ысымы көптөгөн айылдарга, көчөлөргө коюлган. Тоголок Молдо Ардак белгиси ордени менен сыйланган. Улуу акын 1942-жылы 82 жаш курагында кайтыш болгон.
* Мындан 129 жыл мурун, 1885-жылы Нью-Йоркко француз элинин АКШнын көз карандысыздыгынын 100 жылдыгына карата тартуу кылган белеги – "Эркиндик" айкели жеткирилген.
17-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: