super.kg logo

Екатеринбургдагы кыргызстандыктар Сабантуй майрамына катышышты

 
Екатеринбургдагы кыргызстандыктар 14-июнда татар жана башкырлардын салттык майрамы болгон Сабантуй саамалыгына катышышты. Иш-чара улуттук кийимдерди кийген коноктор жана катышуучулар менен коштолуп, көрүүчүлөргө майрамдык концерт тартууланды. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз диаспорасын "Кыргызстан-Уран", "Сары-Челек" коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү түзүп, "Евразия сулуусу" сынагында Айгерим Бакытова 1-орунга ээ болду. Көрүүчүлөр кыргыздын улуттук оюндарын көрө алышты. Ал эми мелдешке катышкандар белектерге ээ болушту.
Коноктор татар жана башкырлардын маданияты менен таанышып чыгышты. Сабантуй миң жылдык тарыхы бар жазгы майрам болуп саналат жана жазгы талаа иштери бүткөндө майрамдалат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: