Кайрат Примбердиев ырчы жигиттерди жаратылыш коюнунда эс алдырып келет
Кайрат Примбердиев келинчеги Эльвира менен.


Кайрат Примбердиев келинчеги Эльвира менен.

Бир кездерде «Сен дагы мени сагынганда, канатсыз учкуң келеби?» деп ырдап ырчы катары таанылган Кайрат Примбердиев учурда чыгармачылыктын үстүндө кызуу иштеп жаткан экен. Аны менен катар ырчы 18-июнда ырчыларды "Ала-Арча" жаратылыш сейил багына эс алдырып келүүгө убакыт тааптыр.
Автор: Дамира Арстанова
Фото: Кайрат Примбердиевдин жеке архивинен
"Эс алууга жалаң жигиттерди чакырып жатам. Буюрса, 20дан ашыгы бармай болушту. Чогуу эс алууга эмне жетсин?! Эс алуу учурунда ар кандай оюндарды уюштурабыз, шишкебек жасап жейбиз дегендей. Мындан сырткары алар келинчегим Эльвиранын өз колунан да даам сызышат. Учурда келинчегим азык-түлүктөрдү алып, эртеңки жаратылыш коюнуна жайылчу дасторкондун камын көрүп жүрөт",- дейт Кайрат.
Ошондой эле ырчы эки коёнду бир ок менен атып, ал жактан "Досторго" ырына клип тартууну да пландап жатканын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактап, кадыр-баркына шек келтире турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.