super.kg logo

Чүй облусунан ажылык сапарга баруучулардын саны такталды

 
2014-жылкы ажылык сапарына баруучуларды чүчү кулак аркылуу тандоо иштери Чүй облусунун Токмок шаары, Ысык-Ата жана Кант райондорунда жыйынтыкталып, аягына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча бир орунга 1,2 адам туура келип, 250 киши ашык жазылгандыктан чүчү кулак өткөрүлгөн.

Анын натыйжасында:

Токмок шаарында чүчү кулактан уткандардын саны - 46 киши;

Кант шаарынын Новопокровка айыл өкмөтүнөн - 20 адам;

Кант шаарынын Милянфан айыл өкмөтүнөн - 12 адам;

Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнөн - 16 адам;

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнөн баруучулардын саны 10 адамды түзүүдө.

“Түркия жана Малайзия мамлекеттери ажылыкты коррупциясыз, эң жакшы өткөргөндүктөн, ошолордун тажрыйбасын колдонуп, мамлекетибиздин эң акыркы статистикасын алып, буга чейин түзүлгөн комиссиянын жардамы менен орундарды аймактарга таратканбыз. Шек-күмөн болбосун, каалагандар жазылды, андыктан Алла Таала чакырган барат”,- дейт республикалык штабдын башчысы Замир кары Ракиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: