super.kg logo
  Саясат  

Толкунбек Абдыгулов президентке инфляцияны азайтуу, улуттук валютанын туруктуу курсун кармоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу айтты

 

Бүгүн, 17-июнда Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Улуттук банктын төрагасы мамлекет башчысына финансылык жөнгө салуу иш-аракетинин негизги багыттары боюнча маалымат берип, инфляцияны азайтуу, банк жана төлөм системдеринин туруктуулугу менен коопсуздугун камсыздоо, улуттук валютанын туруктуу курсун кармап туруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи. Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк тарабынан насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында насыялардын пайыздык коюмун төмөндөтүү, жоопкерчиликтүү насыя берүү боюнча аткарылган иштер жөнүндө айтып берди.

Жолугушууда 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган финансылык секторду өнүктүрүү, тагыраак айтканда, “Узак мөөнөттүү акча” долбоорун түзүү, банк системин өркүндөтүү, кичи каржылоо боюнча чаралар каралды.

Мамлекет башчысы Улуттук банк өлкөнүн финансылык секторунун маанилүү бөлүгү экенин, андан көп учурда акча-насыялык саясаты жана туруктуу экономикалык өсүш, жарандардын жашоо деңгээлинин жогорулашы көз каранды экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: