super.kg logo

Москвада кыргыз диаспорасындагы акындардын чыгармачыл кечеси өткөрүлдү

 

Москвадагы “Кыргызстан” павильонунда 15-июнда кыргыз диаспорасындагы акындардын чыгармачыл кечеси өткөрүлдү. Аталган жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, кечеде КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкова менен жолугушуу орун алды.

Иш-чарада тарыхый чыгармалардын катарын толуктаган “Атилла баатыр”, “Ата Журт ардагым” жана Кален Сыдыкованын аңгемелер жыйнагынын бет ачары болгон. Кечеде Кален Сыдыкова жогоруда айтылган китептердин үстүндө иштөө процесси тууралуу жана заманбап кыргыз адабиятына патриоттук духтун керектигин айтып өткөн. Ошондой эле ал кыргыз диаспорасынын чыгармачылыгынын активдүүлүгүн баса белгилеп, кыргыз маданиятын чет өлкөдө да бекемдөөгө чакырган.

Кален Сыдыкова КРнын Мамлекеттик китептер палатасынын атынан кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн Бактыгүл Сейитбековага, Өктөм Мамаевага, Нурсулуу Гугурбаевага, Нуриза Өмүрбаевага, Мелис Мамажановго жана Айталы Жандаровго грамоталарды тапшырган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: