Бишкекте суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери аяктады. 19-июндан тартып ысык суу бериле баштайт
Бишкекте суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери аяктады. 19-июндан тартып ысык суу бериле баштайт. Биринчи Октябрь районундагы керектөөчүлөргө ысык суу берилет. Суу токтотулгандан бери "Бишкек жылуулук тармактары" бир катар түтүктөрдө оңдоо иштерин жүргүзгөн.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Кыймылдаткыч, жылуулук кармоочу түтүктөр сыяктуу тетиктер алмаштырылды. 12-июндан баштап түтүктөргө суу толтурулуп, текшерүүдөн өттү. 16-18-июнь күндөрү бир катар тажрыйбалар жүргүзүлүп, суу толтурулат.
Суу ысыганда 18-19-июнь күндөрү ысык суу бериле баштайт. Буга байланыштуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы тургундарга кайрылып, суу ысыткычтарды өчүрүүгө жана жабдууларды кайрадан текшерип чыгууга чакырат. Бул тууралуу 17-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.